• 86.5
  • 91.18
  • 0.86

Улуттук биримдик күнү: Россиядагы жаштарга Кыргызстан тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 04.11.24. /Кабар/. 4-ноябрь - Улуттук биримдик күнүнө карата Россиянын Пенза мамлекеттик университетинде билим алып жаткан баткендик студент Жавохир Маматкулов баштаган кыргыз жаштары Пенза шаарындагы жаштарга Кыргызстан тууралуу маалымат беришти.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, анда студенттер жаштарга жана мектеп окуучуларына Кыргызстандын калкы, маданияты, каада-салты, баалуулуктары боюнча маалымат берип, улуттук буюмдары, тамак-аштарын көрсөтүштү.

Ошондой эле Мекени боюнча кызыктуу фактылар, урунттуу окуялар, кооз жаратылыш жаштардын Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттырып, иш-чара көптөгөн суроо-жооптор менен уланды.

Жаштар бул иш-чара Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу менен катар, башка элдер менен болгон достукту чыңдоосуна өбөлгө түзөт деп эсептешет.

Пикир

Оставить комментарий