• 86.5
  • 91.44
  • 0.87

Баткен облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында бүгүн саат 04:53тө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, тагыраак айтканда Лейлек айылынан түндүккө карай 6 чакырым, Рават айылынан түндүн-батышка карай 8 чакырым, Катран айылынан түндүк-чыгышка карай 13 чакырым, Сүлүктү шаарынан чыгышка карай 45 чакырым жана Баткен шаарынан түштүк-батышка карай 65 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу пунктары – Лейлек, Рават, Кара-Суу, Коргон, Катран айылдарында 3,5 баллга жакын, Берик-Суу, Кызыл-Чарба айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий