• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Көкпардан Кыргызстан Монголияны 16:0 эсебинде жеңди

Спорт 0

Бишкек, 09.09.2024 /Кабар/. Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын курамасы көкпар боюнча мелдеште Монголияны 16:0 эсебинде жеңди.

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар спорттун бул түрүнөн алдыңкы атаандаштардын бири экени маалым. Кыргыз спортчуларынын башкы атаандашы болуп Казакстандын курамасы эсептелет. Казактар да өзбекстандыктарды ишенимдүү түрдө 16:0 эсебинде утту.

Көкпар боюнча таймашка 9 мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, АКШ, России, Өзбекстан, Венгрия, Кытай, Монголия жана Түркия катышууда.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги – ДКО-2024 мелдешинин эл аралык маалыматтык өнөктөшү.

Пикир

Оставить комментарий