• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары. Бишкекте Кыргызстандын улуттук курамасын узатуу аземи өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Астанада шаарында үстүбүздөгү жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземине катышты.

“Бүгүн биз спортчуларыбызды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына — дүйнө элдеринин салттарын, маданиятын жана спорттук демин бириктирген иш-чарага узатып жатабыз. Бул оюндар дүйнөгө рухтун күчүн, биримдикти жана тарыхый тамырларды сыйлоону көрсөтүү үчүн салт менен заманбаптык жолугушкан уникалдуу аянтча болуп саналат. Ушул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу уюштурган биз экенибизди сыймыктануу менен айткым келет. Футболдун мекени Англия, хоккейдин мекени Канада деп ошол өлкөлөрдүн жарандары дайыма сыймыктануу менен айтышат жана дагы кылымдар бою мындай сыймыктануу улана берет. Биз дагы көчмөндөр оюндарынын автору катары сыймыктансак болот”, — деди минкаб төрагасы.

Акылбек Жапаров спортчуларды узатып жатып, кыргыз жаштарына ак тилегин ыр менен билдирген белгилүү акын Байдылда Сарногоевдин ырынан үзүндү окуду:

“Чоку болот тоолордун бийик жери

Чокудай бол кыргыздын жигиттери

Чок кармаган кол менен баатыр бол деп

Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени”.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курама команданын капитаны Мирлан уулу Бактиярга Мамлекеттик тууну тапшырып, спортчуларга алдыдагы мелдештерде чоң ийгиликтерди каалады.

“Сапарыңар ийгиликтүү болуп, жолуңар шыдыр болсун! Силерди жеңиш менен күтөбүз!”, — деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий