• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Арзыбек Кожошев ЕЭК Коллегиясынын төрагасынын катчылыгынын жетекчиси менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасынын катчылыгынын жетекчиси Владимир Зиновский жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Статистика комитетинин төрагасынын орун басары Андрей Косарев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Статистика департаментинин директору Азамат Оросбаев жана Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбегенов катышты.

Тараптар үстүбүздөгү жылдын 12-13-майында Евразия экономикалык комиссиясынын, КМШнын Статистика комитетинин, Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрүнүн 2008-жылдагы Улуттук эсептер системасын түзүү принциптерине ылайык негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү эсептөө боюнча консультацияларынын жыйынтыктарын талкуулашты. Ошондой эле мамлекеттик бюджетке салыктардын түшүшүн жана алардын ички дүң продукциянын өсүшүнө таасирин баалоо маселелери каралды.

Жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Улуттук эсептер системасынын жакшы деңгээлин, эсептөөлөрдүн сапатын белгилешти, ошондой эле мындан аркы өнүктүрүү багыттары боюнча сунуштарды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий