Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сизге мүнөздүү лидердик сапаттардын – стратегиялык ой жүгүртүүнүн, чечимдерди кабыл алуунун тайманбастыгынын, компромисстерди таба билүүнүн жана туруктуулукту көрсөтүүнүн аркасында – Кыргыз Республикасында калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда, мамлекеттин эл аралык кадыр-баркы бекемделүүдө.
Россиялык-кыргыз өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканыңызды анын маанилүү бөлүгү катары баалайбыз.
Сизди Федералдык жыйындын Федерация кеңеши Жогорку Кеңеш менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендигине ишендиргим келет. Биргелешкен активдүү иш заманбап чакырыктарга натыйжалуу каршы турууга мүмкүндүк берет, стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын эки тараптуу мамилелеринин бардык спектрин кеңейтүүгө кызмат кылат деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий