Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 21-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу берген арызынын негизинде токтотулду.
Кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду, - деп кабарлайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.
Пикир
Оставить комментарий