Бишкек, 10.11.24. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 4,8-чакырымында жер көчкү түшүп, жолдун аталган бөлүгүн жаап калган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкүнүн көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 35 миң м3ден ашык.
"Аталган тилкедеги өтмөк убактылуу жабылды. Унаалар «Шаркыратма» ички чарбалык жолу аркылуу айланып өтүүдө.№26 жол тейлөө ишканасынын жумушчулары аталган жол тилкесин тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий