• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Ысык-Ата районунда футбол жана балдар аянтчасы курулду

Аймак 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айылында футбол жана балдар аянтчасы курулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, балдар аянтчасынын жана кичи футбол талаасынын ачылышына эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев, Бакыт Тентишев, Мурадил Сыдыков жана Эрулан Кокуловдор катышты.

Ачылышта Бакыт Тентишев сөз сүйлөп, балдар өлкө келечеги экенин белгилеген.

“Андыктан, келечек ээлерине керектүү шарттарды түзүү максатында ушундай аянтчаларды курдук. Буйруса бул аянтчалар балдардын саламаттыгын чыңдоого, өспүрүмдөр арасында сергек жашоо образын жайылтууга жардамчы болот деген үмүттөмүн”, – деди ал.

Белгиленгендей, футбол жана балдар аянтчасы депутат Бакыт Тентишевдин демөөрчүлүгү менен жасалган.

Пикир

Оставить комментарий