• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Ысык-Атада 3 млн 870 миң сомго бааланган жер тилке мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Чүйдүн Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Интернационал айыл өкмөтүндө текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында 2019-жылы аталган айыл өкмөтү тарабынан тогуз жер тилкеси жарандарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдиргендей, прокуратура тарабынан тогуз жер тилкеси боюнча берилген жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды жараксыз деп табуу жөнүндө сотко доо арыздар келтирилип, толук канааттандырылган.

Айыл өкмөт башчысына келтирилген прокурордук талаптын негизинде 3 млн 870 миң сомго бааланган тогуз жер тилкеси Интернационал айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий