• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызпатент жаш калемгерлердин арасында “7 жаш автор” адабий конкурсун жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жаш калемгерлердин арасында “7 жаш автор” республикалык адабий конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Конкурстун максаты – жаш авторлордун талантынын ачылышы үчүн жагымдуу шарт түзүү, чыгармачылык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана көмөк көрсөтүү, мыкты чыгармаларын аныктоо болуп эсептелет.

Конкурстун багыты – проза, поэзия, драматургия.

Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары:

- чыгармалар мамлекеттик жана расмий тилде кабыл алынат;

- конкурска эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар гана катыштырылат;

- чыгармалар компьютерде 14-шрифт, саптардын аралыгы – 1 интервал, Times New Roman арибинде терилип, 250 беттен ашпоого тийиш;

- кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги жазылуусу керек;

- конкурска жиберилген чыгармалар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт.

Материалдарды 2022-жылдын 15-мартынан 31-июлуна чейин dinara.akun@patent.kg электрондук дарегине жөнөтүп же Бишкек шаары, Москва көчөсү 62 үй дарегине саат 09:00 – 18:00 гө чейин тапшырсаңыздар болот.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор: (0312) 68-04-71, (0552) 84-83-29, (0700) 84-83-29.

Сынактын жобосу

Пикир

Оставить комментарий