Ысык-Көл облусуна төрт айда 173,5 млн сом каржыланды

Экономика 0

Бишкек, 15.05.24./Кабар/. Ыск-Көл облусу боюнча 2024-жылдын 4 айында республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер – 108,4 млн сом өлчөмүндө каржыланган.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинен:

  • теңдөөчү трансферт – 77,6 млн сом;
  • айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө – 10,3 млн сом;
  • электр энергияга болгон 50% компенсациясына – 20,5 млн сом;

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (айыл өкмөттөр) электр энергиясына кеткен чыгымдардыкаржылоого республикалык бюджеттен- 65,1 млн сом бөлүнүп берилди.

Ысык-Көл облусуна төрт айда жалпы 173,5 млн сом каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий