• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ысык-Көл облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкеку, 18.02.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 18-февралда болжол менен саат 00:01де Ысык-Көл облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Каджы-Сай, Бөкөнбаев, Тоң айылдарында 4 балл, Ак-Сай, Төрт-Гүл, Тогуз-Булак, Тамга айылдарында 3 балл, Кызыл-Туу, Кара-Коо айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий