• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин Түркияда 8 китеби жарык көрдү

ТҮРК КЕҢЕШИ 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин Түркияда 8 китеби жарык көрдү. Бул тууралуу акын эмгектенген ТҮРКСОЙ уюмунун басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, китептер Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракесинин урматына чыгарылган.

««Бурса чынары» («Bursa Çınarı») аттуу түрк тилиндеги экинчи китебин Евразия жазуучулар союзу баскан. Түрк дүйнөсүнүн 7 тилиндеги – азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, түрк, башкыр, саха (якут) тилдериндеги «Дүйнө алаканда» («Avuçtaki Dünya») аттуу китеби менен өзүнчө казак тилиндеги «Жүрөк конуш» (Жүрек – коныс») ырлар жыйнагын ТҮРКСОЙ эл аралык уюму жарыялаган», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми акын Кожогелди Култегиндин кыргыз тилиндеги «Чыгармаларынын 5 томдугун» Анкара шаарындагы Этумесгут райондук өзүн-өзү башкаруусу (муниципалитети) колго алып, кыргыз окурмандарына белек катары сунуп олтурат.

«Китепте Этумесгут райондук өзүн-өзү башкаруусунун башчысы Енвер Демирелдин кыргызстандыктарга кыскача кайрылуусу басылган. Ошондой эле 5 томдукка айтылуу кыргыз адабиятчысы, филология илимдеринин доктору Үмүт Култаева алгы сөз жазып, Кожогелди Култегиндин чыгармачылык изденүүлөрүн кенен талдап тааныштырган. Макала 1-томдун алгачкы беттеринен орун алган», - деп кошумчалашты уюмдун басма сөз кызматынан.

Кожогелди Култегиндин 60 жаш мааракеси бүгүн, 18-февраль күнү Анкара шаарында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги жана ТҮРКСОЙ уюму тарабынан эл аралык деңгээлде белгиленмекчи. Мааракеге Кыргызстандан делегация келип катыша тургандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий