Бишкек, 19.08.19. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
17-август күнү катуу жааган жаан-чачындан улам Чырпыкты айылында 7 турак үйдүн, Кош-Көл айылында 3 турак үйдүн короосун суу каптаган.
Жерине келген куткаруучулар, мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп кетишкен.
Пикир
Оставить комментарий