• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:36да өлкөнүн Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Светлая Поляна, Ырдык, Мундуз, Тилекмат, Кызыл-Суу, Оргочор, Чоң-Кызыл-Суу, айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий