• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Ысык-Көл облусунун башчысы агартуу тармагынын кызматкерлерин мугалимдер күнү менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 03.10.24. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, агартуу тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында өттү. Анда облустун билим берүү тармагына салым кошкон 100 мугалимге Ардак грамоталар жана материалдык кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Уланбек Далиев куттуктоо сөзүндө келечек муундардын калыптанышында мугалимдердин орду чоң экенин айтып, чың ден соолук, бакубатчылык жана иштерине ийгиликтерди каалады.

“Мугалим – бул жөн гана кесип эмес, ал – коомубуздун индикатору жана билимдүү, жоопкерчиликтүү жарандарды тарбиялоого багытталган миссиянын ээлери”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий