• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көл районунда 120 орундуу тигүү цехи ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусунун колдоосу менен Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылына 120 орундуу жаны тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, цехтин ачылышына фонд 12 млн 500 мин сом каражат бөлгөн.

"Бүгүнкү күндө ишкана толук кандуу иш алып барууда. Тигилген кийимдер Кыргызстандын булуң-бурчуна жана чет өлкөлөргө экспорттолот. Кийим тигүү фабрикаларынын ачылышынын бирден бир максаты элет элин иш менен камсыздоо жана жеңил өнөр-жайды өнүктүрүү болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2021-жылы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду облус боюнча тигүү цехтерин ачууга 185 млн сомдон ашуун каражат бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий