• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Ош шаарында “Тил кадыры, эл тагдыры” аттуу сынак жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик тил күнүнө карата уюштурулган “Тил кадыры, эл тагдыры” аттуу сынак жыйынтыкталды. Иш-чара Ош шаарынын Жаштар иштери боюнча комитети жана маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сынактын жыйынтыктоочу иш-чарасына Ош шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн мамлекеттик тил боюнча жетектөөчү адис Зуур Амирбеков, калыстар тобу, жаштар комитетинин, маданият башкармалыгынын кызматкерлери, “Жигер” уюмунун акындары, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Ош шаарынын мэриясынын социалдык бөлүмүнүн кызматкери Зуур Амирбеков тилдин баркына жетип, мамлекеттик тилде сүйлөөгө жаштарды чакырды. Кароо-сынакка катышкандарга ийгилик каалап, эне тилди даңктап ырдап, ага арнап ыр жазып, келечек муунга татыктуу өткөрүп берүүгө тилектеш экендигин кошумчалады.

Калыстар тобу тарабынан үч багыт боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

1. Кыргыз тилди даңктаган автордук ырларды көркөм окуган акындардын сынагы боюнча жеңүүчүлөр: I орун Нурмухаммед Кудаяров; II орун Асел Ниязбек кызы; III орун Дүйшөнбек Бектемир уулу.

2. Жандуу үн менен элдик ырларды ырдоо боюнча: I орунду Бегалы Капаров; II орунду Самат Айдаркул уулу ; III орунду Максат Турат уулу жана Элиза Дүйшөн кызы ээледи.

3.Улуттук бий боюнча: I орунду “Наздеми ОшТУ” тобу; II орунду Медициналык колледждин кыздары жеңди.

Ошондой эле мамлекеттик тилдин 31 жылдыгына карата маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган онлайн ыр кесеге активдүү катышкан мектептеринин, балдар бакчаларынын жетекчилери баалуу белектер жана атайын дипломдор менен сыйланышты.

Ага улай, “Жигер” чыгармачыл жаштар клубу жана маданият башкармалыгы тарабынан уюштурулган “Жүрөгүмдө эне тил” аталышындагы онлайн эстафетасынын жыйынтыгы чыгып, I орунга ноутбук, II орунга смартфон, III орунга Ч.Айтматовдун 10 томдук китеби тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий