• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстандын президенти Султан Раевге жогорку даражадагы "Бирлик” медалын тапшырды

Маданият 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Казакстандын президенти кыргыз эл жазуучусу, драматург Султан Раевге жогорку даражадагы "Бирдик” (Бірлік) медалын тапшырды. Бул тууралуу Нур-Султан шаарындагы коомдук этномаданий бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов билдирди.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого кошкон зор салымы үчүн, ошондой эле ынтымакты жана туруктуулукту, элдердин ортосундагы кызматташтыкты, улуттук маданияттарды жана мамлекеттер ортосундагы достук мамилелерди жакындаштыруу жана байытуу, маданий көп түрдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Казакстандын президенти – Казакстан элинин ассамблеясынын төрагасы Касым-Жомарт Токаев кыргыз эл жазуучусу Султан Раевди Казакстандын абройлуу сыйлыгы – “Бирлик” алтын медалы менен сыйлады.

“Бүгүн медалды Казакстандын президентинин администрациясынын катчылыгынын жетекчиси Марат Азилханов тапшырды”, - деп жазат Исмаилов.

“Бирлик” медалы – казакстандык жана чет өлкөлүк жарандардын коомчулук тарабынан таанылышынын жана кубаттоосунун эң жогорку белгиси.

Ал эми Султан Раев жогорку даражадагы "Бирлик” медалы үчүн Казакстандын президентине ыраазычылык билдирген.

“Мындай жогорку сыйлыкка чет элдик белгилүү маданият, адабият адамдары, коомдук ишмерлер татыктуу болгон. Ошондой аттуу-баштуу адамдардын катарында ушул сыйлыкты ыйгарган Казакстандын президентине ыраазылык билдирем”, - дейт Султан Раев.

Пикир

Оставить комментарий