• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда өткөн жылы жол кырсыгынан 868 адам каза болгон, анын 114ү балдар

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын жыйынтыгы менен жол кырсыгынан 868 адам каза болгон. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы жол кырсыгы 114 баланын өмүрүн алган.

“Жалпы 7 миң 437 жол кырсыгы катталып, 11 миң 357 адам ар кандай жараат алган”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий