• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Апамды издеп” тасмасы эми АКШда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 25-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. АКШда режиссер Руслан Акундун “Апамды издеп” тасмасынын бет ачары көрсөтүлөт. Бул тууралуу долбоордун уюштуруучулары билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма алгач 30-апрелде Лос-Анджелес шаарындагы Los Angeles Convention Center театрында көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, 9-февралда аталган кинокартина Кыргызстан жана Казакстандагы кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган, андан кийин тасма Россияда көрсөтүлгөн.

Башкы каармандар: Азамат Уланов, Тауекел Мусилим, Майкл Мапонго, Жеңиш Майрамбек уулу жана башкалар.

“Апамды издеп” – мыкты үй-бүлөлүк тасма, ал апасын издеп Америка Кошмо Штаттарына жөнөгөн жетим бала Азамат тууралуу баяндайт. Азамат – зээндүү бала, анын эс тутуму жакшы өөрчүгөн, ал катаал маалыматтарды дагы эсине сактап кала алат. Бирок, маселе Азамат ушундай жөндөмдүүлүккө ээ болуп туруп, өзүнүн апасынын жүзүн эстей албагандыгында. Лос-Анжелеске келген Азамат капыстан Даниярды жолуктуруп калат. Алдыда каармандарды кызыктуу окуялар күтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий