• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы кафе-ресторандарга күн сайын түнкү рейд жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы кафе-ресторандарга күн сайын түнкү рейд жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага шаардын вице-мэри Нуртилек Орозбаев, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жана тийиштүү тармактардын адистери катышып, калаадагы бардык тойканалар текшерүүгө алынууда.

Буга чейин аталган жайларга бир канча ирет эскертүүлөр берилгендиктен, ага баш ийбегендерге административдик айыппул салынып, суу, электр жарыгы өчүрүлүүдө. Мындан кийин да бул көрүнүштөр кайталанса, мыйзам чегинде чаралар көрүлөөрү белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий