• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Ысык-Көл районунда 358 адам сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Учурда Ысык-Көл районунда 358 адам сел кесепеттерин жоюу иштерине тартылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн саат 11:30га карата Ысык-Көл районундагы сел кесепетерин жоюу иштерине ӨКМден жалпы 143 куткаруучу, 3 мотопомпа тартылды. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан 146 кызматкер жана 5 техника тазалоо иштерине чыкты.

Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан 30 кызматкер, “Чайна Роуд ” ишканасынан 39 кызматкер жана 39 техника жеринде иштеп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду Темир айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора" эс алуу жайын сел суулары каптаган.

Пикир

Оставить комментарий