• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Ысык-Көлдө балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча тегерек стол өттү

Аймак 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көл облусунда КМШга мүчө мамлекеттерден келген өкүлдөрдүн катышуусунда жолдордо балдардын жаракат алуусунун алдын алуу боюнча тегерек стол өттү.

Ички иштер министрлигинен билдиоришкендей, модератор ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штаб башчысы Бахрам Сейтходжаев болду.

Иш-чарага ЖКККББнын башчысы Жеңишбек Жоробеков, Тажикстандын ИИМдин Мамлекеттик автомобиль инспекциясы башкармалыгынын башчысы Рустам Мирзомурадов, Россиянын ИИМдин ЖКККББнын жол кыймылынын коопсуздугун үгүт жана балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сергей Хранцкевич, Витебск облустук Аткаруу комитетинин мамлекеттик автоинспекциясынын үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Надежда Касперович, Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук департаментинин жол кыймылынын коопсуздугу кызматынын жетектөөчү адиси Дилноза Раджабова, Казакстан ИИМдин өкүлү Актота Боранова, ошондой эле жана башка кызматкелер катышышты.

Эксперттер балдардын катышуусундагы жол-транспорт кырсыктарын алдын алуунун аймактык мыкты тажрыйбалары жана инновациялык ыкмалары жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле, жол кыймылын үгүттөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин жолдордогу балдардын жаракат алуусун алдын алуу боюнча ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселеси талкууланды.

Жыйынтыгында негизги кадамдар баяндалып, сунушталган чечимдерди ишке ашырууда бардык кызыкдар тараптардын мындан аркы аракеттери жана кызматташуусу үчүн сунуштар берилди.

Пикир

Оставить комментарий