• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 26-июлда, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси Алексей Рогов жолугушту. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси менен биргеликте анын орун басары Р. Касымова, саясий кеңешчиси Ю. Фенопетов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин консультанты Ш. Мамыров, долбоордун жардамчысы Батыркан Кубаныч уулу Баткен облусуна иш сапары менен келишкен.

Мындан сырткары, облус башчысы менен биргеликте Баткен облусунун чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча КР президентинин атайын өкүлү М. Рахимов, ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары М. Тулаев, Тышкы иштер министрлигинин Баткен облусу боюнча өкүлү К. Мергенов жана өкүлчүлүктүн региондорду өнүктүрүү жана социалдык мониторинг боюнча бөлүмүнүн башчысы Б. Имаралиева катышты.

Ыйгарым укуктуу өкүл жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин элчиси эки тараптуу кызматташтык жана Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын долбоору боюнча жана Баткен облусуна өзгөчө макам берилүүсү боюнча кеп кылышты. Мындан сырткары, облустун чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү иштери боюнча маалымат берилди.

Жыйындын жүрүшүндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан кызматташтыктын алкагында КР президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүктүн аппаратынын ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу, колдоо максатында оргтехникаларды жана компьютерлерди тапшырды.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев мындай колдоолору үчүн ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесине терең ыраазычылык билдирди. Алдыда Баткен облусунун өнүгүшү үчүн биргеликте, эки тараптуу кызматташтыкта чогуу аракеттер көрүлөрүн баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий