• 87
  • 90.63
  • 0.79

Ысык-Көлдө Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун тегирмени ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 30.11.24. /Кабар/. Бүгүн Каракол шаарында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жана облус жетекчилигинин катышуусунда Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна караштуу тегирмендин ачылышы өттү.

Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнөн маалыдашкандай, тегирмендин кубаттуулугу 60 тоннаны түзүп, Ысык-Көл, Нарын облустарынын калкын 1- 2-сорттогу унга муктаждыгын, ал эми Түндүк – Түштүк альтернативдик жолу ачылганда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкынын муктаждыгын да камсыздай алат.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунун жергиликтүү айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн азык-түлүк буудай данын кабыл алууну жүзөгө ашырып, мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөөдө.

Келечекте бул тегирмендин аймагына кампаларды куруу каралууда жана азык-түлүк буудай данын жана социалдык маанилүү тамак-аш азыктарын сактоого мүмкүндүк болору күтүлүүдө.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан ун тартуучу комбинат жана аянты 5 105 чарчы метрди түзгөн жер тилкесин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башкаруусуна кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий