• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлдүн жээгинде ээнбаштык кылган Tesla унаасынын айдоочусуна 15 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 14.09.24. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгинде Tesla унаасын ээнбаштык менен айдаган айдоочуга 15 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Tesla Cybertruck үлгүсүндөгү автоунаа көл жээкке кирип алгандыгы жергиликтүү тургундар тарабынан видео тасмага түшүрүлүп, интернет булактарында тараган.

Бул факты боюнча жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында Ысык-Көл облусунун жол кайгуул кызматкерлери тарабынан жогорудагы унаа табылып, анын айдоочусу 51 жаштагы К.М.Л. аттуу жаран экендиги аныкталды.

Ага эреже бузгандыгы үчүн Укук бузуулар кодексинин 189-беренесинин (Автоээнбаштык) негизинде протокол түзүлүп, 15 миӊ сом өлчөмүндө айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий