Бишкек, 15.01.25. /Кабар/. Балык өнөр жай комплекси департаменти тарабынан Ысык-Көл облусунда сига-лудога балыгынын уругун алуу иштери аяктады.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 12 млн урук алынды. Анын ичинде "Тоң мамлекеттик балык чарба" ишканасы - 9 млн, ал эми Түп районундагы "Ысык -Көл плюс балык өстүрүүчү айыл чарба" кооперативи - 3 млн урук алды.
Алынган балыктын жумурткасы инкубациялык цехтерде инкубациялоо үчүн аппараттарга салынды.
Белгилей кетсек, сига-лудога балыгы 2-3 жылда чоңоюп, салмагы 4 килограммга чейин жетет.
Пикир
Оставить комментарий