• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

COVID-19. Ош мэриясы 28-майга карата аныкталган 35 жаңы учур боюнча түшүндүрмө берди

Аймак 0

Бишкек,28.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 74 жаңы учур катталган. Анын ичинен 35 учур Ош шаарында аныкталган. Бул боюнча Ош шаарынын мэриясы түшүндүрмө берди.

Мэриядан билдиришкендей, ал 35 жаңы учур обсервацияда жаткан жарандардын ичинен аныкталган.

"Ош шаарында 30-апрелден 12-майга чейин абал туруктуу сакталып, 113 оорулуунун баары айыгып чыккан. 13-майда Ош шаардык төрөт үйүндө 1 медайымдан бул илдет аныкталып, изоляцияга алынган. Ошол эле күнү шаардык төрөтканада иштеген медицина кызматкерлери жана пациенттерди обсервацияга алуу, ПЦР анализин алуу боюнча чечим чыгарылган", - деп айтылат маалыматта.

12 күн өткөндөн кийин 25-майдан тарта кайра кайталанып анализ алына баштаган. Жыйынтыгында 26-майда төрөтканада иштеген 7 медицина кызматкеринен, 27-майда 34 адамдан (15 медицина кызматкери, 19 пациент) бул илдет аныкталып, алар изоляцияга алынган.

"Урматтуу шаардыктар, 800гө жакын адам катуу көзөмөлгө алынып, обсервацияга жаткырылбаганда абал оорлошмок. 15 күн ичинде көчөдө оору эч кимге жуккан жок. Обсервациядагы 12-майга чейин оору жугуп калган адамдардын клиникасы азыр чыгып жатат", - деп билдирет Ош шаарынын мэриясы.

Пикир

Оставить комментарий