• 87
  • 90.41
  • 0.84

Ысык-Көлдө желимди кайра иштетүүчү ишканалар курулат

Аймак 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун аймагында таштанды полигонунун маселесин чечүү үчүн желимди кайра иштетүүчү бир нече ишкана курулат. Бул тууралуу “Биринчи Радионун” эфиринде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында мындай ишкана Жети-Өгүз районунун Саруу айылында ачылат.

“Учурда аймактын айылдарында таштанды полигондорунун көйгөйү курч турат. Буга байланыштуу биз Ысык-Көлдүн аймагында таштандыны кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу үчүн жеке ишкерлерге жардам берүүнү чечтик. Саруу айылына мындай ишкана куруу үчүн Беларустан жабдыктар келе жатат. Бул ишканада жакынкы айылдардан жана Каракол шаарынан, ошондой эле Кумтөрдөн келген бардык желимдер кайра иштетилет. Кийинки ишкана Чолпон-Атада же Балыкчыда, ошондой эле Түп районунда жайгашат”, - деди ал.

Ал белгилегендей, желим экологияга чоң зыян келтирип, чирибейт, ошондуктан кайра иштетүүнүн жардамы менен жаңы продукция чыгарууга болот.

Пикир

Оставить комментарий