• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ысык-Көлдүн Михайловка айылында жаңы бала бакча курула баштады

Аймак 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов Түп районунун Михайловка айылындагы жаңы бала бакча имаратынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча 100 орунга ылайыкталып, 2 кабаттуу болот. Бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу аяктаса, 25 кызматкер иш менен камсыз болот. Курулуш иштерин болжол менен 2023-жылдын жай айларында бүткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий