• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

ЕЭКтин өкүлдөрү кыргыз-казак чек ара бекеттеринин иши менен жеринде таанышты

Коом 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрү кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал менен таанышуу максатында «Ак-Жол» (Кыргызстан) жана Кордай (Казакстан), ошондой эле «Ак-Тилек» (КР) жана Карасу (КР) өткөрмө пункттары менен таанышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көчмө жыйынга ыйгарым укуктуу органдардын, бизнес коомчулуктун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү да катышты.

Тактап айтканда, өткөрмө пункттарында жүк ташуучу унааларды өткөрүү мүмкүнчүлүгү, процессуалдык пункттар, кое берилгенден тартып эреже бузууларды жоюуга чейин тааныштыруу жана текшерүү жүргүзүлдү.

Бул көчмө жыйын Казакстан аркылуу транзит менен Россиянын аймагына жөнөтүлгөн жүк ташуучу унаалардын кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын кармалышы боюнча бардык талаш-тартыштарды чечүү максатында таанышуу иретинде өттү.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча ЕЭКтин корутундусу жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жүк ташуучу унаалардын кыргыз-казак мамлекеттик чек араларында кармалышы боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча биргелешкен чечим кабыл алынышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий