• 87.86
  • 93.94
  • 1

Казакстан россиялык «Спутник V» вакцинасын чыгарууну токтотту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Караганды фармацевтикалык заводу коронавируска каршы россиялык «Спутник V» вакцинасын чыгарууну токтотту. Бул тууралуу 28-апрелде Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова билдирди.

Анын билдиришинче, Казакстанда COVID-19га каршы камдыкта төрт миллион дозадан көбүрөөк вакцина бар, бул «вакцинация жана ревакцинация үчүн» жетиштүү. Буга байланыштуу кошумча өндүрүү жана сатып алуу иштери азырынча токтотулат.

Казакстанда калкты «Спутник V» вакцинасы менен жапырт эмдөө 2021-жылы февралда башталган.

«Спутник V» вакцинасын Караганды фармацевтикалык заводунун базасында өндүрө башташкан.

Пикир

Оставить комментарий