• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19: Ташкентте эки мектеп карантинге жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.09.20./Кабар/. Жергиликтүү бийликтин чечими менен Ташкенттин Шайхантахур районундагы №40 жана №262 мектептердин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынан мектептердин убактылуу жабылышына анда эмгектенген мугалимдерде коронавирус аныкталгандыгы себеп болгонун билдиришти.

«Буга байланыштуу биз мугалимдер менен ата-энелерди ашыкча тынчсызданбоого жана санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо менен адаттагыдай жашоо образын улантууга чакырабыз. Жабылган мектептер дезинфекциялык иштер аяктагандан кийин ишмердүүлүгүн кайра улантышат», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

9-сентябрда Элдик билим берүү министрлиги мектептердин ишин калыбына келтирүү тууралуу чечимдерди жергиликтүү кеңештердин депутаттары гана кабыл аларын билдирген. Ошол эле маалда мектептердеги санитардык-эпидемиологиялык абал жана Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун корутундусу эске алынары айтылган.

Пикир

Оставить комментарий