• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Ысык-Көлдө жергиликтүү тургун курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактап жүргөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы ноябрь айында милицияга Ысык-Көл районунун тургуну өзү жашаган үйүндө ок атуучу куралын мыйзамсыз сактап жүргөнү жөнүндө ыкчам маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалымат электрондук жуналына катталып, алгачкы тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Ысык-Көл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнү кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал Чолпон-Ата шаарынын 1960-жылы туулган И. Р. аттуу тургуну болуп чыккан.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, Ысык-Көл райондук сотунун токтомунун негизинде шектүүнүн турак жайына мыйзамдуу тинтүү жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында мыйзамсыз сакталып жаткан 16-калибрдеги кош ооз мылтык, ТОЗ-16 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал жана 22 даана 5,6 калибрдеги ок дарылар табылып, далил зат катары алынган. Алынган курал жарактар жана ок даарылар соттук-баллистикалык экспертизага жиберилген.

Анын корутундусуна ылайык, тинтүүдө алынган ок атуучу куралдар жана ок-дарлар жарактуу экени аныкталган.

Алдын ала суракта шектүү өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Пикир

Оставить комментарий