• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте “Нотариалдык мектеп” окуу борбору ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Бишкекте Нотариустар палатасынын алдында “Нотариалдык мектеп” деп аталган окуу борбордун ачылышы болду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуу борбору Чүй пр., 219 дарегинде жайгашкан.

Борбор нотариустардын жана нотариалдык процесстин башка катышуучуларынын кесиптик көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн маанилүү аянтча болуп калат.

“Нотариалдык мектептин" ачылышына юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жана Нотариалдык палатасынын төрагасы С. Рыскулова катышты.

Пикир

Оставить комментарий