• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Ысык-Көлгө 500 миң даана карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди

Аймак 0


Бишкек, 18.09.24. /Кабар/. Ысык-Көлгө 500 миң даана карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салмагы 25-35 грамм болгон чабактар "Ысык-Көл плюс" айыл чарба кооперативинин инкубациялык цехинде өстүрүлгөн.

Ошондой эле азыркы учурда Айыл чарба министрлигинин Балык өнөр жай комплекси департаменти Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүн балыктандыруу жана балык запастарын көбөйтүү максатында иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий