• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ысык-Көл милициясы мас-рестлинг боюнча Азия чемпиону наамын жеңген кесиптешин куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 27.06.23. /Кабар/. Ысык-Көл милициясы мас-рестлинг боюнча Азия чемпиону наамын жеңип алган кесиптеши Кымбат Нуржанованы куттукташты.

Облустук милициядан билдиришкендей, иш-чарада ошондой эле Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Жеңиш Келдибаевди туулган күнү менен куттукташты.

Буга байланыштуу облустук милициянын аянтында100гө жакын милиция кызматкери тизилди. Мамлекеттик гимн аткарылгандан кийин, облустук милициянын башчысы Орунбай Кочкоров куттуктоо сөзүн айтты.

"Эгерде биздин ардагерлер кеңешинин төрагасы бүгүн жетимиш бир жашка толсо, анда биздин жаш кызматкерибиз Азия чемпиону наамын жеңип алды. Облустук милициянын өздүк курамы, кесиптешибиздин жеңиши менен сыймыктанат деп ишенем жана биздин ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында кыргыз спортунун ийгиликтерине өз салымын кошуп жаткан кесипкөй спортчулар бар экенине эки эсе кубанам", - деп белгиледи Кочкоров өз сөзүндө.

Андан соӊ, Орунбай Кочкоров милициянын кыргыз элинин татыктуу кызын тарбиялаганы үчүн чемпиондун апасы Бермет Кожомбердиевага да ыраазычылык катын тапшырды.

Иш-чаранын соңунда облустук милициянын өздүк курамы салтанаттын себепкерлеринин алдында салтанаттуу жүрүш менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий