• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Ысыкта ачык терезеден балдардын кулап кетүүсүн кантип алдын алуу керек?

Коом 0

Бишкек, 19.06.24. / Кабар/. Жай - көптөн күткөн эс алуунун, жылуу күндүн жана таза абанын мезгили. Бирок, ысыктын башталышы менен ачык терезелер балдар үчүн кооптуу болуп калат. Жыл сайын балдар терезеден кулап, оор жаракат алып, алтургай өлүмгө дуушар болгон учурлар жок эмес. Ошондуктан ата-энелер өтө сак болушу керек.

Жаш балдардын кызыгуусу жана энергиясы көп болгондуктан, бул аларды кооптуу кырдаалдарга алып келиши мүмкүн. Ачык терезелер алардын таза абага чыгууга, көчөнү көрүүгө жана курчап турган айлана-чөйрөгө байкоо жүргүзүүгө көңүлүн бурат. Ал эми бирок жаш балдар бул кызыгуулардан келип чыккан коркунучтарды анчейин түшүнө беришпейт. Жаш бала терезеге чыгууга аракет кылбаса да, анын иш-аракеттери күтүүсүз болушу мүмкүн.

Мындан улам балдардын терезеден кулап кетишинин алдын алуу үчүн ата-энелер бир катар чараларды көрүшү керектигин адистер эскертишет:

1. Коопсуздук торлорун жана терезе кулпуларын орнотуу. Атайын терезе коргоочу тосмолор же терезе кулпулары балага терезени өз алдынча ачууга мүмкүндүк бербейт. Бул шаймандарды орнотуу оңой жана кулап калуу коркунучун бир кыйла азайта алат;

2. Терезелерге кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө. Отургуч, диван жана стол сыяктуу эмеректерди терезелерден алыс коюңуз. Бул баланын терезеге чыгуусуна жана терезени ачуусуна жол бербейт;

3. Туруктуу көзөмөл. Терезелер ачык болгондо эч качан кичинекей балдарды кароосуз калтырбаңыз, жадакалса бир аз алаксып кетүү кырсыкка алып келиши ыктымал;

4. Коопсуздук эрежелерин түшүндүрүү. Балдарга терезелердин жанында этият болуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүңүз. Эмне үчүн терезенин үстүндө ойноп, терезелерди өзү ачпоо керектиги жөнүндө алар менен үзгүлтүксүз маектешип туруңуз;

5. Курт-кумурскалардан сактануучу терезе торлорун этияттык менен колдонуу абзел. Чиркей торлору жалган коопсуздук сезимин жаратат. Алар баланын салмагын көтөрүү үчүн иштелип чыккан эмес жана оңой эле бошоп кетет.
Негизги сактык чараларынан тышкары, ата-энелер кошумча коопсуздук чараларына да көңүл бурушу керек:
- соккуга туруктуу айнек менен кош айнек терезелерди орнотуу. Алар соккуларга туруктуураак жана кокустан тийип кетсе, терезенин сынуу коркунучун азайтат;
- терезени жана анын бекиткичтеринин абалын дайыма текшерип, эскерип калган жерлерин алмаштырып турган оң;
- Терезе тыгындарын колдонуу. Бул шаймандар терезени белгилүү аралыкка гана ачууга мүмкүндүк берип, желдетүүнү камсыз кылат, бирок баланын тешиктен өтүүсүнө жол бербейт;

Балдардын коопсуздугу – ар бир ата-эненин негизги милдети. Жайкы ысык жана бөлмөлөрдү желдетүү зарылчылыгы кырсыка алып келбеши керек. Жөнөкөй, бирок эффективдүү сактык чараларын көрүү менен сиз үйдө коопсуз болууну камсыздай аласыз. Ар бир ата-эне көңүл буруу жана камкордук балдардын коопсуздугунун жана ден соолугунун ачкычы болуп саналарын эстен чыгарбашы керектигин Ички иштер министрлиги белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий