Замирбек Базарбеков баштаган Жогорку соттун делегациясы иш сапары Кытайга барды

Коом 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков баштаган кыргыз делегациясынын Кытайга болгон иш сапары башталды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында бүгүн, 25-октябрда Базарбеков менен Кытайдын Жогорку элдик сотунун төрагасы Чжан Цзюндун эки тараптуу жолугушуусу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Замирбек Базарбеков Кытайдын башкы судьясына 26-октябрда Фуцзянь провинциясынын Цюаньчжоу шаарында "Деңиз Жибек жолу" соттук кызматташтык боюнча эл аралык форумга катышууга чакыргандыгы үчүн жана КЭР сот тутумун санариптештирүү менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди.

“Санариптик технологияларды жана санариптик чечимдерди колдонуу менен татаал мамлекеттик системаларды трансформациялоо жаатындагы дүйнөлүк тенденциялардын тез өнүгүп жаткан шартында Кыргыз Республикасы өзүнүн сот тутуму тармагында комплекстүү реформаларды активдүү жүргүзүүдө. Азыркы учурда бизде зарыл инфраструктураны түзүү жана биздин сот системасынын ачыктыгын, айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатат.

КР Жогорку сотунун төрагасы катары мен сот системасын санариптик трансформациялоо, анын ичинде ички бизнес-процесстерди оптималдаштыруу жана кызматтарды жана сервистерди көрсөтүү үчүн санариптик форматка толук өтүү жөнүндө чечим кабыл алдым. Бул максатка жетүү үчүн биз санариптик демилгелерди стратегиялык башкарууга жана координациялоого багытталган санариптик өнүгүү боюнча стратегиялык топту түздүк. Коопсуз жана туруктуу санариптик инфраструктураны түзүү реформалардын ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыз кылуунун ачкычы экенин баса белгилеп кетүү маанилүү”, - деди ал.

Замирбек Базарбеков КЭР сот инфраструктурасында заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатындагы акыркы жетишкендиктериндеги ийгиликтерди баса белгилеп, эки өлкөнүн Жогорку сот органдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө үмүтүн билдирди.

Өз кезегинде кытайлык башкы судья Чжан Цзюнь көп жылдардан бери Кытай менен Кыргызстандын Жогорку соттору достук кызматташтыкты сактап келе жаткандыгын белгиледи.

“Ушул жылдын март айында Индияда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку Сотторунун Төрагаларынын XVIII кеңешмесинин алкагында Кытайдын Жогорку Элдик сотунун делегациясы сиздер менен жемиштүү жумушчу жолугушуу өткөргөндүгүн белгилегим келет. Сиздердин камкордугуңуздардын жана колдооңуздардын аркасында эки өлкөнүн соттору мындан ары да кызматташтыкты тереңдетип, Кытай менен Кыргызстандын Бирдиктүү тагдырынын коомчулугун түзүүгө алгылыктуу салым кошот деп ишенем. Кытайдын акылдуу сотунун ишин жогору баалаганыңыз үчүн рахмат. Кытайдын Жогорку Элдик соту Кыргызстандагы кесиптештери менен бул тармактагы жыйынтыктар менен бөлүшүүгө даяр”, - деди Чжан Цзюнь.

Белгилей кетүүчү жагдай, иш сапардын алкагында Замирбек Базарбеков башында турган кыргыз делегациясы Цюаньчжоу орто-аралык элдик сотунун ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий