• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ө.Текебаевге атайын кызматтар тарабынан берилди делген документтер тууралуу элчи: Бул жасалма иш

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Кечээ Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Түркиянын КРдагы элчиси Метин Кылыч менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, тараптар Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге Түркиянын атайын кызматтары тарабынан берилди делген документтер тууралуу маалыматты талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө Э.Абдылдаев элчиден ЖМКлардагы 2017-жылдын 16-январында Дача-Суу айылында кыйроого учураган “Боинг-747” учагындагы жүк тууралуу товар КРнын Президенти А.Атамбаевге жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандыктыгы ырасталган маалыматты тастыктап же төгүндөөнү суранды.

Өз кезегинде М.Кылыч “бул жасалма иш, “фейк”, жөнсүздүк. Түркиянын атайын кызматтары мындай иштебейт, айрыкча, эч кимге маалыматтарды өз логотиптери менен бербейт”, - деп билдирди. Ал “бул тескөөлөргө түрк тарапты атайылап аралаштырууну каалаган кимдир бирөө бар” экендигин боолголоду. “Түрк Республикасы башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын ички саясатына эч качан кийлигишпейт”, - деп билдирди элчи.

Пикир

Оставить комментарий