• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстанда беш жаштагы кызды зордуктаган жаран 19 жылга кесилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Анжиян облусунун Пахтаабад райондук соту беш жаштагы кызды зордуктаган 31 жаштагы кишини 19 жылга түрмөгө кести.

Ал “Атайлап киши өлтүрүү” жана “Зордуктоо” беренелери боюнча айыптуу деп табылды.

Сот жараяны учурунда белгилүү болгондой, беш жаштагы кыз соттолгон кишинин үйүнө анын баласы менен ойноо үчүн келген. Үйдө эч ким жок болгондуктан, ал кызды зордуктап, думчуктуруп өлтүргөн. Кылмыш изин жашыруу үчүн кыздын сөөгүн синтетикалык капка салып, үйдүн ичиндеги жер төлөөнүн ичине көөм салган.

28-январь күнү кечинде ата-энеси кызды таппай калган, анын гөлөшүнүн бир түгөйү коңшусунун үйүнө түшүп калганын көрүшкөн. Андан соң милиция чакырышкан. Алар кыздын сөөгүн үйрөтүлгөн иттин жардамы менен табышкан.

Сотто айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ал адамга жат ишке барганын, шайтан азгырганын билдирди.

Соттун өкүмүнө ылайык, кылмышкер жазасынын эки жылын катаал режимдеги, андан кийинкилерин жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Пикир

Оставить комментарий