• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Өзбекстанда инвестиция чөйрөсүнө жаңы көзөмөл тартип-эрежеси киргизилет

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 17.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда 2025 жылы инвестиция чөйрөсүнө жаңы көзөмөл тартип-эрежеси киргизилет. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёев инвестиция тартуу жана экспортту стимулдаштыруу маселелерине арналган жыйында билдирди, деп маалымдайт өлкө башчынын басма сөз кызматы.

Президент тоо-кен, мунай-газ, химиялык өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы инвестициялык пландар белгиленгенден эки эсе көп аткарылганын белгиледи. Бирок, "Узтрансгаз" жана "Узметкомбинатта" инвестиция 50 пайызга, "Узсувтаминотта" 20 пайызга кыскарган. Мирзиёев бул ишканалардын жетекчилеринен үстүбүздөгү кварталдын аягына чейин абалды жакшыртууну талап кылды.

Мындан тышкары, кээ бир өнүккөн өлкөлөрдөн инвестиция тартуу иштери начар деңгээлде экендиги белгиленди. Франция, Италия, Испания, Венгрия, Малайзия жана Япониядан бурулган инвестиция 100 млн долларга да жетпей жаткандыгы айтылды.

Мирзиеёв өлкөдө инвестиция чөйрөсүнө жаңы көзөмөл тартип-эрежеси киргизилеерин айкындады. Тактап айтканда, премьер-министрге ай сайын мамлекетке 42 млрд доллар инвестиция тартуу боюнча планды бекитүү тапшырмасы берилди.

Жергиликтүү жана облустук акимчиликтердин жетекчилери, ошондой эле тармактык министрликтер менен ведомстволордун башчылары жумасына эки күн инвестиция менен алектениши керек. Ошондой эле жетекчилер капсалаңдуу аймактардагы ишканалар менен жолугушууларды өткөрүп, пайда болгон көйгөйлөрдү ыкчамдык менен чечет.

Расмий маалыматтарга ылайык, былтыр Өзбекстанга тартылган чет элдик инвестиция 1,6 эсеге өсүп, 34,9 млрд долларга жетти. Жалпы суммасы 10 млрд долларды түзгөн 242 ири жана орто долбоор ишке ашырылып, алдын ала маалыматтар боюнча товардык экспорт 27 млрд доллардан ашкан.

Пикир

Оставить комментарий