• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 2 миң 618 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 618 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 710, Алматы шаарында - 277, Шымкент шаарында – 103, Акмоло облусунда – 124, Актөбе облусунда - 42, Алматы облусунда - 88, Атырау облусунда - 154, Чыгыш-Казакстан облусунда – 55, Жамбыл облусунда – 60, Батыш-Казакстан облусунда - 181, Караганда облусунда - 490, Костанай облусунда - 54, Кызылорда облусунда - 30 Мангистау облусунда - 83, Павлодар облусунда - 105, Түндүк-Казакстан облусунда - 30, Түркестан облусунда – 32 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 439 миң 580 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий