• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өзбекстандагы кыргыз мектебинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди

Коом 0

Ташкент, 12.12.24. /Төлөнбай Курбанов - Кабар/. Ташкент облусунун Паркент районундагы №33 орто билим берүү мектебинде бүгүн кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 96 жылдык мааракесине байланыштуу анын бюстунун алдына мектеп окуучулары жана мугалимдер тарабынан гүл коюшту.

Мектептин директору Кубанычбек Жаматовдун айтымында, улуу жазуучунун чыгармачылык жолу жана адабий мурастарын изилдөөгө арналган ар түрдүү иш-чаралар жыл сайын көтөрүңкү маанайда өткөрүлүп келет.

"Өзбекстанда улуу Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулган жалгыз мектеп болуу менен сыймыктанабыз. Мектеп окуучулары, мугалимдер жана тарбиячылар, ошондой эле келген меймандар залкар жазуучунун айкелине таазим кылышат. Бул биздин жалпы жоопкерчилигибизди мындан ары да арттырууга дем берет", – деп билдирди ал.

Иш-чара алкагында "Чыңгыз кече" аттуу адабий кече өткөрүлүп, анда Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармачылыгы жана кыргыз-өзбек достугуна кошкон салымы тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Мектеп окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программада "Манас" эпосунан үзүндү, "Саманчынын жолу" чыгармасынан "Жер эне" монологу, "Ак кеме" повестинен сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ошондой эле жазуучунун учкул сөздөрү, ага арналган ырлар жана кыргыз улуттук бийлери тартууланды.

Эскерте кетсек, кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине байланыштуу 2018-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин атайын жарлыгы менен мектепке улуу жазуучунун бюсту орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий