• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айдоочуларга эскертүү! Боомдо таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 14.04.23. /Кабар/. 17-апрелден 21-апрелге чейинки аралыкта Боом капчыгайында кооптуу таштарды атайылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай иштер Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында жана темир жолдун Боом капчыгайындагы 3886-чакырымында жүргүзүлөт.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол жарым-жартылай тосулгандан кийин иш күндүзгү сааттарда саат 9:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий