Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Кыргызстандын соода өкүлчүлүгү Өзбекстандын рыногунда суусундук ширелерин, нектарларды, концентраттарды жана пюрелерди өндүрүү боюнча алдыңкылардын бири болгон Master Global Plyus (MGP) компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.
Экономика министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Соода өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү компаниянын Янгиюль шаарындагы заводуна барып, заманбап өндүрүш ишканалары менен таанышышты.
Күн тартибинде кызматташтыктын жаңы горизонттору каралды :
1. Кыргыз бренди менен өндүрүш: MGP компаниясы кыргызстандык шире өндүрүүчүлөргө өзүнүн өндүрүштүк кызматтарын көрсөтүүгө даяр экенин билдирди, бул алардын Өзбекстандын рыногуна чыгуусуна жана логистикалык маселелерди чечүүгө шарт түзөт.
2. Кыргызстандан мөмө-жемиштерди сатып алуу: Өзбекстанда түшүм жыйноо мезгили аяктагандан кийин MGP компаниясы концентраттарды, ширелерди, нектарларды жана пюрелерди өндүрүү үчүн Кыргызстандын жемиштерин (алма, шабдалы, кара өрүк, өрүк) сатып алууга даяр.
"Бул диалог экономикалык байланыштарды чыңдоого жана Кыргызстандын продукциясын региондук деңгээлде жылдырууга перспективаларды ачты. Соода-сатык жаатында ата мекендик бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү улантууда",-деп айтылат билдирүүдө.
Пикир
Оставить комментарий