• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Соцфонд жыл башынан бери дээрлик 49 миң жаранга пенсия чектеди

Экономика 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Социалдык фонд 2023-жылдын январь-август айларында 48 миң 838 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2023-жылы августунда 4 миң 220 жаранга пенсия чектелди. Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1 миң 164 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди

Пикир

Оставить комментарий