• 87
  • 89.63
  • 0.85

Өзбекстандык жазуучу президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 06.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандык белгилүү жазуучу Каримберди Төрөмурат “Кабар” агенттигинин Ташкенттеги өкүлчүлүгүнө кайрылып, президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктоосун жеткирип коюуну суранды.

“Бүгүн Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 56 жашка толду. Туулган күнү менен куттуктап, узун өмүр, чың ден соолук, иштерине албан ийгиликтерди каалайм. Элинин ыраазычылыгына татыктуу болуп, эки ааламдын бактысына жетишине тилектешмин”, - деди ал.

Каримберди Төрөмураттын айтымында, ал ушул убакка чейин эч бир президентти туулган күнү менен куттуктаган эмес.

“Өзбекстанда жашаган жазуучунун китебин жогору баалап, “бул китеп ар бир кыргыздын үй-бүлөсүндө болушу керек” деп мага урмат-сый көрсөтүп, Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты берип жиберген улуу инсанды туулган күнү менен куттуктоону туура таптым. Менин көңүлүмдү, рухумду тоодой көтөргөн президенттин зоболосу бийик болуп, эки ааламдын бактысына жеткирсин”, - деп белгиледи жазуучу.

Эскерте кетсек, өзбек жазуучусу Каримберди Төрөмураттын “Кара китеп” деген аңгемелер жыйнагын акын Төрөбай Жороев кыргызчага которгон. Китеп КР Улуттук жазуучулар союзу тарабынан даярдалып, быйыл президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жарык көрдү.

Төрөбай Жороев жетекчилигиндеги делегация быйыл июль айында Самарканд шаарында өткөн “Кара китептин” бет ачарына катышып, анда Садыр Жапаровдун ыраазычылык каты жана сыйлыктары өзбек жазуучусуна тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий